Кабарда-черкес тили
Көрүнүш
Кабарда-черкес тили– кабардалардын (адыгелер) жана черкестердин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдерине (абхаз-адыге тобуна) кирет. Кабарда-черкес тили баксан, моздок, бесленей, кубань диалектилерге бөлүнөт. Адабий тили баксан диалектисинин негизинде калыптанган. 1923-24-жылдары латын алфавитиндеги жазуусу түзүлгөн. 1936-жылдан орус графикасындагы жазууга өткөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5