Микрофон
Көрүнүш
Микрофон (микро... жана ...фон) – телефон аппараттарында, үн жазуу түзүлүштөрүндө, радио уктуруу системаларында үн термелүүсүн электр термелүүсүнө өзгөртүүчү түзүлүш. Негизги түрлөрү: көмүрлүү, электр динамикалык, электр-статикалык, пьезоэлектрдик, конденсатордук микрофон. Ал телефон жана магнитофон, үн жаздыруу жана кино тартуу, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү, радиобайланыш, ошондой эле ультраүндүү текшерүү жана өлчөө ж. б. көптөгөн түзүлүштөрдө колдонулат.
Microphone Викиказынада |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7