Леонид Гайдай
Леонид Гайдай
Леонид Гайдай | |
Леонид Гайдай 1941-жылы | |
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Леонид Иович Гайдай |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: |
Амур губернаторлугу, Свободный шаары, Ыраакы чыгыш облусу, РСФСР, СССР |
Өлгөн датасы: |
19 -ноябрь 1993 (70 жаш) |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: | |
Багыты: | |
IMDb: |
Гайдай Леонид Иович — (30.1.1923, Амур губернаторлугу, Свободный шаары 19.11.1993, Москва) орус кино режиссёру, СССР эл артисти (1989).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Иркутск облусу драма театрынын студиясын (1947) жана ВГИКти (1955) бүтүргөндөн «Мосфильмде», коюучурежиссёр. Гайдай негизинен сатиралык кинокомедия жанрында иштеген. 1958-ж. «Тиги дүйнөдөнкелген күйөө» кинопамфлетин, сов. кинематографиянын «Дөбөт Барбос жана өзгөчө кросс» (1961) жана «Самогончулар» (1962) жана башка белгилүү фильмдерин Ю. В. Никулин, Г. М. Вицин, Е. А. Моргуноеду чогуу катыштырып тарткан. Фильмдеринде адаттан тыш. миниатюралар-трюктардын, пантомиманын, пародиялардын элементтерин пайдаланган. «“Ы” операциясы жана Шуриктин жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну же Шуриктин кийинки жоруктары» (1967) Краковдогу Дүйнөлүк кинофестивалда сыйлыктарга ээ болгон. «Жакут кол» (1969), «12 орундук» (1971), «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» (1973), «Ширеңке издеп» (1980, СССР Финляндия), «Спортлото-82» (1982) фильмдеринде комедия жанрын өзгөчө изденүү менен уланткан. Гайдайдын белгилүү кинокомедиялары: «Үч жолу тирилген» (1960), «Мүмкүн эмес!» (1975), «Өмүргө коркунучтуу» (1985), «Дерибасовскиде аба ырайы жакшы же Брайтон-бичте дагы эле жаан» (1992, АКШ менен бирге). Гайдай өз фильмдеринин сценарийинин автору же авторлош болгон. РСФСР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Иркутскидеги Россия киноборборуна ысмы берилген.
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Тасмасы | ||||
---|---|---|---|---|---|
Режиссёр | Сценарист | Актёр | Роль | ||
1955 | Ляна | Алёша | |||
1956 | Узак сапар | ||||
1958 | Шамал | Науменко | |||
1958 | (орус. Жених с того света) (кыскаметраждуу) | ||||
1960 | (орус. Трижды воскресший) | ~ | |||
1961 | Сапарда (кыскаметраждуу) | Толя | |||
1961 | Барбос ит жана өзгөчө кросс (кыскаметраждуу) | ||||
1961 | Гонщиктер (кыскамтраждуу) | ||||
1962 | Иштерман адамдар | ||||
1965 | «Ы» операциясы жана Шуриктин башка жоруктары | ||||
1966 | Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы жоруктары | ||||
1968 | Бриллиант кол | ~ | |||
1971 | 12 үстөл | архивариус Варфоломей Коробейников | |||
1973 | Иван Васильевич кесибин өзгөрөт | ||||
1975 | Мүмкүн эмес! | ||||
1977 | Петербургтан Инкогнито | ||||
1977 | (орус. Риск — благородное дело) | тасманын съёмкасындагы режиссёр | |||
1980 | Ширенке үчүн | ||||
1982 | Спортлото-82 | ||||
1985 | Өмүр үчүн коркунучтуу! | ||||
1989 | Жекелик детектив, же «Кооперация» операциясы | ||||
1992 | Дерибасовскийде аба-ырайы жакшы, же Брайтон-Бичте кайрадан жамгыр | казинодогу акылсыз оюнчу |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
- Арип боюнча инсандар
- Туулгандар 30 -январь (үчтүн айы)
- Туулгандар 1923-жылы
- Өлгөндөр 19 -ноябрь (жетинин айы)
- Өлгөндөр 1993-жылы
- Арип боюнча актёрлор
- Орусиянын актёрлору
- СССРдин актёрлору
- XX кылымдын актёрлору
- Кинорежиссёрлор арип боюнча
- СССРдин кинорежиссёрлору
- Орусиянын кинорежиссёрлору
- XX кылымдын кинорежиссёрлору
- Сценаристтер арип боюнча
- СССРдин сценаристтери
- Орусиянын сценаристтери
- XX кылымдын сценаристтери
- СССР эл артисти
- Инсандар
- Инсандар:Орусия
- Инсандар:СССР
- Режиссёрлор
- Актерлор
- Продюсерлер арип боюнча