Карайым тили
Көрүнүш
Карайым тили – карайымдардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Карайым тили Түндүк (тракай), Түштүк (галич) жана крым диалектилерине бөлүнөт. Негизинен карачай-балкар, крымтатар, кумук, ногой тилдерине жакын. Синтаксисине славян тилдеринин таасири тийген. Карайым тили 1840-жылдан байыркы еврей, латын, славян графикасын пайдаланган. 19-кылымдын аягынан орус (Россия, Украина), латын (Литва, Польша) графикасындагы алфавитти колдонушат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9