Канадалык арктика архипелагы
Канадалык арктика архипелагы – Түндүк Американын Түндүк четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири аралдар тобу; Түндүк Муз океанда. Канадага карайт. Аянты 1335 миң км2. Негизинен Түндүк Муз океаны (Бофорт, Линкольн деңиздери, Нарес, Гудзон кысыктары, Баффин деңизи, Фокс булуңу) жана Атлантика океанынын Девис кысыгы менен чулганат. Гренландиядан Нарес кысыгы, Баффин деңизи жана Девис кысыгы аркылуу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор. Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң км2ден ашат.
Ири аралдары: Баффин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон. Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 м кысыктардын татаал системасы бир нече топко (Свердруп аралдары, Парри архипелагы жана башка) бөлөт. Рельефинде дөңсөөлүү түздүктөр жана платолор басымдуу, чыгышында бийиктиги 2926 мге жеткен (Элсмир аралында) тоо массивдери бар. Канадалык арктика архипелагы негизинен байыркы Түндүк Америка платформасынын Түндүк чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түндүк бөлүгүндө палеозойдун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлыктары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, алтын, нефть, газ, көмүр жана башка.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Архипелагдын басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, батышында континенттик, Баффин Жери аралынын Түштүк бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орточо температурасы түштүк-чыгышында –23ОСден түндүк-батышында –35ОС (абсолюттук минимум –50ОСден төмөн). Аязсыз мезгил 1 – 4 айга чейин созулат, май айында абанын абанын температурасы кээде –30ОСге чейин төмөндөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орточо температурасы түндүгүндө 4ОСден түштүгүндө 7ОСге чейин (эң жогорку температура 24ОСге жетет). Жылдык жаан чачыны түштүк-чыгышында 450–600 мм, батышында 200–250 ммге, түндүгүндө 100 ммге чейин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү жана түндүк-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аянты 154 миң км2), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түндүк-батыш чети аркылуу өтөт. Түндүк-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жайында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дейвис, Ланкастер), ошондой эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз болот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү жана мамык чөп-бадалчалуу тундра өсүмдүктөрү мүнөздүү. Жаныбарлардан Түндүк бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк сууларында тюлень, кит, атлантика моржу мекендейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчылык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик жана Ауюиттук (Баффин Жери аралында), Куттинирпаак (Элсмир аралында), Аулавик (Банкс аралында). Негизги калктуу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери аралында), Кембриж-Бей (Виктория аралында), Резольют (Корнуоллис аралында). Элсмир аралында дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 Түндүк кеңдикте, Түндүк уюлдан 834 км аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашабаган (аянты 54 миң км2) арал.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9