Гельмут Коль
Көрүнүш
Гельмут Коль (немецче Helmut Josef Michael Kohl; 3. 4. 1930-жылы туулган, Германия, Людвигсхафен на-Рейне шаары) – мамлекеттик жана саясий ишмер, Германиянын федералдык канцлери (1982–98). Христиандык-демократиялык партиянын төрагасы (1973–98). Франкфурт жана Гейдельберг универнситеттерин бүткөн. 1969–76-жылдары Рейнланд-Пфальц жери боюнча өкмөт башчысы болуп иштеген. 1990-ж. анын демилгеси менен Батыш жана Чыгыш Германия бириктирилген, бирдиктүү Германиянын биринчи канцлери.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9