Мазмунга өтүү

Наристе балдар

Википедия дан

Наристе балдар — 4 жумадан 3 жашка чейинки балдар. Бул курак шарттуу түрдө эмчектеги (1 жашка чейин) жана 3 жашка чейинки балдар болуп айырмаланат. Бала 1 жаштан өткөндөн баштап күч жагынан гана эмес, акыл-эси да кире баштайт, өтө тетик болушат. Бул мезгилде эркек балдар менен кыздар бирдей деңгээлде өсүп, өнүгөт. Бир жаштан өткөндөн баштап, алардын салмагы жылына 2 — 3 кг, бою 11 —12 см, эки жаштан өткөндө салмагы 2 — 2,5 кг, бою 7— 8 см өсөт. Наристе балдардын териси назик келип, оңой жараланат, ошондуктан таза күтүү керек. Скелети кемирчектүү жана ийкемдүү келет. Бала бул мезгилде сөөгүнө күч келтирип көп кыймылдайт, ошол себептүү баланын кыймылына көз салуу керек. Баланын мебелин жана бут кийимин туура тандоо зарыл. Анын эмгеги (Эмчектеги бала) 1 —1,5 жаштан кечикпей катууга тийиш. Бир жаштан өткөндө баланын 12 сүт тиши жарылып, экиге толгондо 20 тиши чыгат. 2—3 жашка караган баланын дем алуу органдары жана жүрөк-кан тамыр системасы андан ары өөрчүп, ишке жөндөмдүүлүгү арта баштайт. Дем алуусу тереңдеп, минутасына 28—30 жолу дем алат, тамыры 110 жолу кагат. Баланын тамак сиңирүү органдары жетиле элек болот, андыктан анын тамак-ашы чоң кишиникинен айырмалануусу тийиш.

Нерв-психикалык абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нерв-психикалык абалы (Бала психикасынын өөрчүшү) жана кыймылы да өнүгүүнүн үстүндө болот. 1 жаштан тартып бала өзү отуруп-турат, басууга аракеттенет; оюнчук менен эркин ойнойт. Көп сөздү түшүнөт. 30— 50 сөздү айта алат. Бир жарым жашынан тартып басканы тыңыйт, чуркагысы келет, топту кубалап ойнойт, карандаш кармап сүрөт тартууга аракеттенет, кооз сүрөттөрдү жакшы көрөт, тааныш буюмдардын, айбанаттардын атын атайт. Кашык кармап тамакты өзү ичүүгө, кийинип-чечинүүгө аракеттенет. 2—3 жашта өз алдынча тың басат, чуркайт, тепкичтен баса алат. Чоң кишилер менен жакшы сүйлөшөт, анча татаал эмес ырды жаттай алат, буюмдун өңүн жана формасын тааныйт. Өтө баамчыл болот, айланасындагыларга кызыгып, көп сурайт, сүрөт тартууну каалайт. Башка балдар менен чогуу ойногонду жакшы көрөт.

Тамактануусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1ден 3 жашка чейинки баланын ичеги-карыны жакшы даярдалган тамакты гана сиңире алат, тамак менен түшкөн оору козгогуч микробдорду жок кыла албайт. Туура эмес тамактандырылган бала бул жашында ичеги-карын оорулары менен көп ооруйт (Диспепсия). Баланын өсүп жаткан организми белок, май, углеводдор, витаминдер жана туздар менен жетиштүү камсыз болуусу тийиш. Белоктордун жарымы жаныбарлардан алынышы керек (эт, балык, сүт, айран, кефир, жумуртка жана башкалар). Майды бала негизинен ак май, жумуртканын сарысынан алат. Майды көп берүүдөн баланын тамак сиңирүүсү начарлайт, тамак ичкиси келбей, арыктай баштайт. Балыктын майын врачтын көрсөтмөсү менен гана берүү керек (Итий). Углеводду 3 жашка чейинки бала суткасына 70—100 гдай алуусу тийиш. Ундан даярдалган таттуу тамакты көп жеген бала тез салмак кошот, бирок бул ден соолукка зыян. Андай балдар «борпоң» келип, көп ооруйт. Витаминдер жашылча, жемиштерде, акшактарда, боордо жана башкалар азыктарда көп болот. Балага жеңил сиңе турган уйдун, тооктун, коёндун кара кесек этин, сүт жана сүт азыктарын, нан, кара күрүч жана сулу ботко, ар түрдүү жашылча жана! жемиш, ширелерди берүү керек. Жумуртканы жумасына 1 — 2ден ашык берүүгө болбойт, аны көп жегенде айрым балдар экссудаттык диатез болот. Ошол себептүү 3 жашка чейинки балага шоколад, тооктун күчтүү сорпосун, апельсин жана мандаринди көп берүүгө жарабайт. Эттүү тамакты эртең менен, түштө берүү пайдалуу, анткени ал карында көпкө кармалып суусатат, баланын уйкусун качырат. Кечки тамакка ботко, сүт жана сүт азыктарын берүү жетиштүү. Этке кошуп жашылча берген жакшы. Баланы дайыма бир мезгилде тамактандыруу оң, бул шарттуу рефлексти пайда кылат. 1,5 жаштан тартып аны 4 маал тамактандыруу керек. Баланы беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Баланын табитин ачуу үчүн аны таза абада көп ойнотуу керек. Тамакты түрдүүлөп, даамдуу бышыруу зарыл. Эгер бала тамак ичкиси келбесе аны зордоо жарабайт, кийинки тамакка чейин күтүү оң. Баланын өз убагында заңдоосуна көз салуу керек, ич каткандан да анын табити начарлайт. Баланы тамак ичүүгө даярдоо да маанилүү: тамак ичүү ордун даярдап, колун жууп, мойнуна боркок байлоо керек. 1,5—2 жашар баланы дасторкон жайып, идиш ташууга үйрөтүүгө болот. Тамакты чачпай, таза жешке көндүрүү зарыл. Баланы коркутуп, ачууланып же алдап тамак жедирүү туура эмес.

1.5—2 жаштагы балдардын болжолдуу менюсу

Эгер табити өтө начарлап кетсе врачка кайрылуу керек.

Кайсы курактагы балдар болбосун күн тартибине көнүүсү зарыл. Күн тартиби туура түзүлүп, так сакталганда гана бала тартипке көнөт. Күн тартиби баланын жашына, жеке өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлүүсү тийиш. Баланы бир убакта уктатып көндүрүү керек. Эгер бала караңгы бөлмөдө, жымжырттыкта уктап көнсө, болор-болбос добуштан же жарыктан ойгонот. Маалынан эрте же кеч уктатса чыргоолонуп, көпкө уктабайт. Бала уктоого өзү даярдануусу — өзү чечинип, киймин тыкан жыйнап көнгөнү маанилүү. Баланы уктоого акырындап даярдоо (ойнотпой тынчытуу, заара кылдыруу, жуундуруу) керек. Уктатар алдында бөлмөнү желдетүү зарыл. Баланы керебетине жаткырып, эркелетип, анан бөлмөдөн чыгып кеткен оң. Аны терметип, жомок айтып берүү туура эмес, андан баланын мээ кыртышында козголуу пайда болуп, ал көпкө уктай албайт. Эгер тынч уктай албаса, чочуса врачка көрсөтүү зарыл.

Баланын бөлмөсү жарык болуп, дайыма желдетилип, температурасы 20°тай болгону жакшы. Баланын буюмдарын дайыма таза кармап, өз убагында чаңын ным чүпүрөк менен сүртүп туруу керек. Баланын өзүнчө керебети болушу тийиш. Анын асты жыгачтан жасалганы дурус, анткени эгер керебет ийилчээк болсо бала түз жата албай, омурткасы кыйшайып калуусу ыктымал. Баланы кичинесинен эле өзү жуунууга үйрөтүү зарыл. 3 жашынан өзү тишин тазалап, оозун чайкаганды үйрөнө алат. Баланы сууга түшүргөн сайын башын жууп, тырмактарын дайыма алып туруу керек. 2ге караган баланы 36°тагы сууга 8—10 мин., анан 10—20 мин. түшүрүү керек. 1ден 3 жашка чейинки баланы жумасына 2— 3 жолу киринтүү сунуш кылынат.

Баланын жашына ылайык тандалган көнүгүүлөр аны күч жагынан гана өстүрбөстөн, ден соолугун да чыңдайт, кыймыл-аракетин андан ары калыптандырып, жүрөк-кан тамыр системасын жана дем алуу органдарын өнүктүрөт.
Көнүгүү эртең менен тамактангандан 1 —1,5 саат өткөндө жасалып, баланы чарчатпагандай жеке өзгөчөлүгүнө ылайык тандалууга тийиш. 1—2 жаштагы балдар үчүн 5 —10 мин., 2—3 жаштагылар үчүн 10—15 мин. өткөрүлөт. Ар бир көнүгүүнү 2—6 жолу кайталап, бир орунда басуу, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо менен улам тыныгып туруу керек.

Денени чыңдоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала айлана-чөйрөнүн терс таасирине чыдамкай болушу үчүн анын денесин чыңдоо зарыл. Денеси чың балдар түрдүү зыяндуу таасилерге, айрыкча ысык-суукка жакшы туруштук берет, жугуштуу оорулар менен аз ооруйт. Денени чыңдоонун негизги факторлору болуп күндүн нуру, суу, таза аба эсептелет. Баланын денесин чыңдоону анын жашына ылайык, үзбөй жүргүзүп, акырындык менен көндүрүү керек. Баштардан мурда врач менен сөзсүз кеңешүү зарыл.

Наристе балдар үчүи көнүгүүлөр: 1— жантык тактай менен басуу; 2— гимнастика таягын аттап өтүү; 3— чөң кишинин жардамы менен отуруп туруу; 4— гимнаетикалык тактада көнүгүү жасоо; 5— чалкадан жаткан абалда таяктын жардамы менен өйдө болуп отуруу; 6— гимнастикалык тактада чалкадан жатып туруу; 7— гимнастикн таягын өйдө көтөрүү жана жерге түшүрүү; 8— жердеги оюнчукка жетүү; 9—тактанын алдынан өтүү; 10—топту жогору жана алдыга алмак-салмак ыргытуу; 11— буюмдардан аттап өтүү.

Аба менен дене чыңдоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аба менен чыңдоонун негизги шарты — баланын бөлмөсүн дайыма жана жакшылап желдетүү. Суук мезгилде күнүнө 3 жолу желдетүү, жылуу мезшлде терезени же форточкасын дайыма ачык коюу сунуш кылынат. Жыл мезгилине жана баланын жашына ылайык аны таза абада сейилдетүүнүн мааниси зор. Кичине балдар күнүнө 283 жолу (бардыгы 1 — 3 саат), жайында көбүнчө эшикте болуусу зарыл, сыртка уктатуу абдан пайдалуу. Баланын кийими жыл мезгилине ылайык болууга тийиш.

Аба ваннасы — денени аба менен чыңдоонун негизги жолу. Кышында ал жакшы желдетилген бөлмөдө (20°тан төмөн эмес температурада) жүргүзүлөт. Бул үчүн баланы акырындык менен чечиндирип көндүрөт: адегенде колу-бутун, анан белине чейин чечинтет (трусычан жана жеңил бут кийимчен коюу керек). Ар бир 3—4 күндө бөлмөнүн температурасын 1°тан төмөндөтүп, 15°ка түшүрөт. Жайында 20°тан төмөн эмес температурада сыртта жүрүү максатка ылайык. Адегенде 5 мин., анан 1 саатка жеткирүү керек. Аба ваннасын эртең менен саат 8ден 12ге чейин көлөкөдө өткөрүү жакшы, кыймылдуу оюндар же гимнастика менен коштолсо кызыктуу өтөт. Эгер бала үшүп, чыйрыга баштаса дароо токтотуп, жылытуу керек. Бардык убакта врач менен кеңешип туруу зарыл.

Күн ваннасы 2 жашынан баштап, күн алыс эртең мененки тамактануудан кийин (саат 11 — 12де) өткөрүлөт. Адегенде 2 мин., кийин 20—30 мин. жеткирүү керек. Баланы жылаңачтап, бирок сөзсүз баш кийим, кара көз айнек кийгизүү зарыл. Күн ваннасынан кийин баланы көлөкөгө отургузуп, ным чүпүрөк менен сүртүү сунуш кылынат.

Суу менен денени чыңдоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суу менен денени чыңдоо эң оңой процедура болуп саналат. Буга күндөлүк жууну, сүртүнүү, бутту жуу жана башкалар кирет. Суунун температурасын адегенде 30°, анан 2—3 күндө 1°тан төмөндөтүп, 20°ка (1—2 жашка) же 18°ка (2— 3 жашка) түшүрөт. Колго нымдалган кыл торко мээлей кийип же жумшак сүлгү менен сүрткөн жакшы. Адегенде баланын бир колун сүртүп, ошол замат териси кызарганча кургата аарчыйт, анан экинчи колун, көкүрөгүн, курсагын, далысын жана башкалар сүртүү керек. Процедуранын башталышында суунун температурасын 34 — 35°, жума сайын акырындап төмөндөтүп, 25—26°ка жеткирилет. Андан кийин башка процедурага — чайканууга өтсө болот. Чайкануу 1,5 жаштан башталат. Аны жайында, ошондой эле кышында да жасоо пайдалуу. Жайында сыртта, суунун температурасы адегенде 34—36°, кийин акырындап 24—28° болот. Адеп сууну моюнуна, анан көкүрөгүнө, капталына, ийинине, кошу менен бутуна куят. Башына куюу жарабайт. Андан кийин жумшак сүлгү менен этти бир аз кызарганча аарчып кургатат. Кышында бул процедура ванна бөлмөсүндө өткөрүлөт. Баланын бутун уйку алдында жуу да пайдалуу. Баланы дарыяга, көлгө түшүрүүнү 2 жашынан баштоого болот. Сууга күн ачык кезде, абанын температурасы 24—25°, суунун температурасы 22—23° болгондо түшүрүү керек; адегенде 2—3 мин„ кийин 5—6 мин. созулушу тийиш.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8