Түркия Орусиянын далысына бычак урдубу?
Түркия менен Орусиянын дүйнөлүк саясаттагы алакасы ары кызыктуу ары татаал тема. Сириядагы соңку окуялар Эрдоган менен Путиндин "стратегиялык достугун" дагы бир жолу сынамай болду. Башар Асаддын режиминин кыйрашы геосаясаттын шахмат тактасында ким утту да, ким катуу сокку жеди деген суроону кабыргасынан койду.
Түркия 2015-жылдын 24-ноябрында Сирия чек арасында Орусиянын аскердик учагын атып түшүргөн. Анкара орус учагы аба чек арасын бузгандыктан атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Москва болсо учак Түркиянын чек арасына өтпөгөнүн, Сириянын аба мейкиндигинде болгонун айткан. Путин учактын атып түшүрүлүшүн "далыга сайылган бычак" деп айыптап, муну терроризмге көмөктөшүү катары баалаган.
Орус президенти Түркияны алдыда олуттуу кесепеттер күтүп турганын эскертип, муштум кезеген.
Режеп Таййип Эрдоган башында "Түркия өзүнүн чек арасын коргоду" деп, көпкө чейин Орусиядан кечирим сураган эмес.
Кийин баары бир Түркия Орусиядан кечирим сураганын Кремль 2016-жылдын январында кабарлаган.
Ал кездеги Москва менен Анкаранын ортосундагы эскалацияга себеп болгон ошол окуя кечээ тактыдан кулаган Башар Асаддын өлкөсүндө болуп жаткан согуштун айынан чыккан.
Сириядагы согушта Түркия менен Орусия эки жээкте болуп, бири-бирине каршы турду. Түркия Сириядагы козголоңчу топторду, Орусия Башар Асаддын режимин колдогон. Акыры Түркия кайсы бир деңгээлде жеңишке жетип, Башар Асад Орусияга качууга аргасыз болду.
Эрдоган бир жарым ай мурун Орусияга барып, Путин менен БРИКС саммитинде жолукту. Анда Путин бир жарым айдан кийин Түркия Башар Асадга каршы болгон Сириядагы козголоңчуларга колдоо көрсөтүп, Орусияны ыңгайсыз абалга кептеп саларын билбесе керек.
Сириядагы окуяларга байкоо салган талдоочулар Түркия дагы бир жолу Орусиянын "далысына бычак урганын" айтышууда.
Путин эми кечиреби?
Коомдук медиаларда Путиндин 2018-жылдагы интервьюсунун үзүндүсү тарап жатат.
Андагы диалог төмөнкүчө:
Журналист: – Сиз кечире аласызбы?
Путин: – Ооба.... бирок баарын эмес.
Журналист: – Эмнени кечирүгө болбойт?
Путин: – Чыккынчылыкты!
Бул интервью Орусиянын Түркия менен мамилесине түзмө-түз тиешеси жок. Бирок мындагы диалогдон Путиндин кандай адам экенин баамдого болот.
Дүйнөлүк саясатка сарасеп салган орусиялык талдоочулар Эрдоган Путинге чыккынчылык кылды деп эсептешет.
Орусиялык саясат талдоочу, философ жана идеолог Александр Дугин Сирияда Башар Асаддын режими соңуна чыккандан кийин мындай деп жазды:
"Орусия Түркияга зыян келтире турган эч нерсе кылбайт. Бирок мындай чыккынчылыктан кийин Түркия кыйын мезгилде Орусиядан колдоо күтө албайт. Кыйынчылыктар мезгил-мезгили менен кайталанып турат. Түркия менен Орусиянын ортосунда көп тармактуу карым-катнаш бар болчу. Бул жолу алардын аракеттери Израилдин жана глобалисттердин пайдасына иштегендиги ачык көрүнүп турат. Бул аябай өкүнүчтүү".
Александр Дугин Орусия Батыш сүрөттөп жаткандай алсыз эмес экенин, Эрдоган болсо чоң ката кетиргенин айтууда.
"Исламизм Түркиянын душманы. Араб өлкөлөрү Түркиянын араб дүйнөсүндө лидер болушун каалашпайт. Күрддөр Батыштын колдоосу менен Сирияда бийликти басып алууга аракет кылат. Орусиянын Сирияда жоктугунан улам Эрдоган маанилүү шериктешинен жана досунан ажырады. 2015-жылы Түркия менен мамилебизди курчутпоого аракет кылдык. ФЕТОнун төңкөрүшү учурунда да Эрдоганга көп жардам бердик. Сирия маселеси биз үчүн оор. Менимче, бул жерде Эрдоган стратегиялык жактан ката кетирди", – деп жазды Дугин Х баракчасына.
Индиянын англис тилинде чыккан The Hindu гезитинин эл аралык жаңылыктар боюнча редактору Стэнли Жонни Путин Эрдогандын максатын толук түшүнгөн эмес дейт:
"Путин Түркиянын жардамы менен Сириядагы жарандык согушту токтотуу демилгесин көтөргөндө, Эрдоган баары бир НАТОнун мүчөсү экенине көңүл бурган эмес. Украина маселесинде Түркия бейтарап позицияда тургандай болду. Анткени Анкара Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган жок. Бирок Эрдоган өз убактысын күтүп келди. Ошентип Эрдоган Сирия маселесинде Путинди жеңди".
Орусия Түркиядан чын эле жеңилдиби?
Башар Асаддын армиясы өткөн аптада Сирияда козголоңчу топторго жеңилип жатканда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Доха форумуна катышуу үчүн Катарга барган.
Форум учурунда "Аль-Жазиранын" кабарчысы Лавровдон Башар Асаддын жеңилип жатышы Орусия үчүн канчалык деңгээлде сокку болот деген мааниде собол салган.
Бул суроого Лавров Орусия Сириядагы адамдарга гана эмес, Ирак, Ливия жана Ливандагы адамдарга да жардам бергенин айтты:
"Азыр дүйнөдө эки түрдүү согуш жүрүп жатат. Бир тарбы өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн согушуп жатса, экинчи жагы өзүнүн эгемендүүлүгү жана эркиндиги үчүн күрөшүүдө.... Эгер сиз материалыңызга сенсация издеп, биздин Сирияда жеңилдик деп айтышыбызды каалап жатсаңыз, анда сурооңузду узата бериңиз".
Андан кийин журналист Лавровдон Түркия Сирияда болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөп жатабы деп сурап, Анкаранын ролуна кызыккан.
"Түркиянын Сирияда абдан таасирдүү экенин билесиңер. Түркия Сирия менен чектешет жана коопсуздукка байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусу бар", – деп жооп берген Лавров.
Шаршемби күнү Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Сирияда Асад режиминин кулашына Америка менен Израил түздөн-түз күнөөлүөп, буга Түркиянын да тиешеси бар экенин кыйыр түрдө айтты.
Иран да Орусия сыяктуу Асадды бийликте кармап туруу үчүн колдон келген жардамын көрсөтүп келди.
Ошентип Орусия Түркиядан Сирияда эле эмес, Ливия менен Карабакта да жеңилүүгө дуушар болду.
Ошол эле учурда Түркиянын коңшулары жана союздаштары менен жүргүзгөн тышкы саясатына байланыштуу суроолор көп.
Түркиянын мурдагы премьер-министри Ахмет Давутоглу Nikkei Asia басылмасына курган маегинде Эрдогандын тышкы саясаты тууралуу мындай деди:
"Президент коңшулары менен көйгөй жаралбаган саясаттан баш тартып, анын ордуна бардык коңшулары менен көйгөйлүү саясат жүргүзүүгө өттү".
Эрдогандын "тең салмактуулук" оюну
Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш саясат институтунун түрк изилдөөлөр программасынын директору Сонер Чагаптайдын Эрдоган тууралуу "Жаңы султан", "Эрдогандын империясы", "Күздөгү султан" сыяктуу бир нече китеби жарык көргөн.
"Күздөгү султан" деген китебинде мындай деп жазат:
"Эрдоган бийликте турган мезгилде өзүн күткөндөн да күчтүү лидер катары көрсөтө алды. Ал Ирак, Сирия жана Ливияда ийгиликтүү аскердик операцияларды жүргүзүп, Түркиянын саясий таасирин тастыктады. Түркия дипломатиялык держава болууга жетише албаган учурда, анын аскердик күчү бул боштукту толуктады".
Эрдоган Батышка ачууланган сайын Орусияга кайрылары айтылып келет. 2021-жылы сентябрда Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөө үчүн Нью-Йоркко барган. Эрдоган АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушууну каалаган, бирок ал ишке ашкан эмес. Буга ачууланган Эрдоган Орусиянын президенти Путин менен жолугушкан.
Nikkei Asia басылмасына АКШнын отставкадагы офицери Рич Отцен Эрдогандын тышкы саясаты тууралуу мындай деген:
"Эрдоган Чыгыш менен Батыштын ортосунда тең салмактуулукту издейт. Ал түштүктө ислам дүйнөсү, чыгышта Азия, түндүктө Орусия менен алака түзүүнү каалайт. Ал кайсы бир тараптан коркунуч сезгенде, дароо башка тарапка ооп кетет".
Көптөгөн эксперттер Түркия кээде Орусия менен АКШнын эрегишинин ортосунда калды дешет. Түркия ортодо өзүн оюнчу катары көрсөтүп, кээде Орусия менен компромисске барууга аргасыз болот.
2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш ишке ашпай калган. Эрдоган бул төңкөрүш аракети үчүн Америкада бозгунда жашаган Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган.
Путин үчүн мүмкүнчүлүк
Эрдоган далай жолу Америкадан Гүленди өткөрүп берүүнү талап кылганына карабай, Америка анын талабына бир дагы жолу кулак салган эмес. Бул маселеде Эрдогандын Америкага болгон күмөн саноосу күчөдү.
Бул кырдаалды Орусия мүмкүнчүлүк катары көрүп, аны толук колдонуп калууга жетише алды. "Күздөгү султан" аттуу китебинде Сонер Чагаптай мындай дейт:
"Путин Фетуллах Гүлендин АКШда жашап жатканын жакшы билчү. Түркиядагы көптөгөн адамдар төңкөрүш аракетинин артында АКШ турат дегенге ишенүүгө даяр эле".
"Төңкөрүш аракетиндеги кагылышууларда үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Алардын арасында Эрдогандын жакын санаалаштары да бар болчу. Ошондо Путин дүйнөдө Эрдоган менен байланышкан алгачкы лидер болгон. Ал санаага батып турган Эрдоганды өзүнүн туулуп өскөн шаары Санкт-Петербургга чакырган".
"Алгачкы күндөрү Эрдоганга АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обамадан бир да чалуу болгон эмес. Төрт күндөн кийин гана Вашингтондон Эрдогандын телефону шыңгырап, байланышка ошол кездеги мамлекеттик катчы Жон Керри чыккан. Төңкөрүш аракетинен үч жума өткөндөн кийин Эрдоган Санкт-Петербургга сапар алып, Путин менен жолуккан".
Дал ушул жолугушууда Путин Эрдоганды С-400 системасын сатып алууга көндүргөн. 2017-жылы Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу үчүн келишимге кол койгону расмий жарыяланган.
С-400 ракетасынын негизги өзгөчөлүгү — НАТОнун учактарын атып түшүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кыйратуучу узактыгы 400 чакырымды түзөт.
АКШ Түркияны Орусиядан абадан коргонуучу С-400 системаларын сатып алганы үчүн жазалоону көздөп, Анкарага санкция салган. АКШ Түркияга F-35 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактарын да берүүдөн баш тарткан.
Эрдоган Путин менен аргасыздан "дос" болгонбу?
Сонер Чагаптай Эрдоган Путин менен аргасыз дос болгонун айтып, аны мындайча чечмелейт:
"Путин менен достук мамиле түзгөндөн кийин Эрдоган үчүн андан алыстоонун оңой болбой турганы айдан ачык эле. Эки өлкөнүн мамилесинде күчтүн теңсиздиги ачык көрүнүп турган. Эгер Түркия С-400 системасынан баш тартканда, Путин Түркия үчүн негизги киреше булагы болгон соода жана туризмди токтотуп коюшу мүмкүн болчу. Ошондой эле Путин Эрдогандын эл аралык аренадагы аброюна олуттуу зыян келтире алмак. Бул аброй Эрдоганга өлкөcүнүн ичинде да чоң пайда алып келген".
Бирок көптөгөн аналитиктер Эрдоган саясий жана эл аралык кыйынчылыктардан чыгууга жөндөмдүү деп эсептешет. Бийликте турган акыркы 20 жыл ичинде ал көптөгөн оош-кыйыш окуяларга туш болуп, оор сыноолорду баштан өткөрдү.
Геосаясий кризис болобу, 2016-жылдагы төңкөрүш болобу же "түрк жазы" болобу Эрдоган ар бир окуяны өз убагында ордуна коюп, күчтүү лидер болуп чыга келди.
Ал өзүнүн партиясын Түркияга ислам баалуулуктарын кайтарып ала турган партия деп атады.
Түркияда 2003-жылга чейин армия үстөмдүк кылып келген. Мустафа Кемал Ататүрк өзү да армиядан чыккан. Түркиянын экономикасында дагы армиянын таасири чоң эле, ал эми нааразылык акциялар мезгил-мезгили менен кайталанып турчу. Эрдоган анын баарын күч менен болсо да токтотууга жетишти.
Эрдоган келгенден кийин Түркияда жеке ишкерлик өнүктү. Түркиянын өкмөтүнө армиянын кийлигишүүсү токтоду. Бул жагынан алганда Эрдоган Түркиянын саясий системасын өзгөртө алды. (SA)