Сирия: Алеппону басып алган козголоңчу топ тууралуу эмне белгилүү?
Cириялык куралдуу топтор өткөн аптада өкмөттүк күчтөргө каршы соңку жылдардагы эң ири чабуулун баштап, өлкөнүн экинчи ири шаары Алеппонун чоң бөлүгүн көзөмөлгө алды.
Күтүлбөй келген чабуулдан улам Сириянын өкмөттүк аскерлери Алепподон чыгып кетүүгө мажбур болду. Орус учактары (Москва Асаддын режимин колдойт) шаарды кайрадан бомбалай баштады. Бул 2016-жылдан бери биринчи жолу бомбалоого катышты дегенди билдирет.
Чабуулду "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу уюштурган деген маалымат тарады. Бул топ көп жылдан бери Сириядагы жаңжалдарга катышып келген.
"Хайят Тахрир аш-Шам" тобу тууралуу маалымат
"Хайят Тахрир аш-Шам" же "Левантты боштондукка чыгаруу" уюму 2011-жылы негизделген. Андан кийин ал "Жабхат ан-Нусра" деп аталып, "Аль-Каиданын" (Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы тыюу салынган уюм) түздөн-түз өнөктөшү болгон.
"Хайят Тахрир аш-Шам" уюштуруучуларынын бири өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади болгон.
Бул топ Сириядагы жарандык согуш учурунда президент Асадга каршы чыккан эң эффективдүү жана кубаттуу деп эсептелген.
Бирок аталган уюм революция жасай турган аракеттерге караганда жихадчыл идеологияга басым жасаган. Бул "Эркин Сирия" туусу астында аракеттенген негизги козголоңчу коалициянын ниетине каршы келген.
Бирок 2016-жылы топтун лидери Абу Мухаммад аль-Жулани "Аль-Каида" менен мамилени үзүп, "Жабхат ан-Нусраны" таратып, жаңы уюм түзгөн. Бул уюм "Хайят Тахрир аш-Шам" деп аталган.
Сирияны ким көзөмөлдөйт?
Акыркы төрт жыл ичинде жалпысынан Сириядагы согуш бүткөндөй сезилди.
Президент Башар Асад өлкөнүн ири шаарларын көзөмөлгө алып, бирок кээ бир аймактар анын көзөмөлүнөн чыгып кеткен.
Алардын арасында өлкө чыгышындагы күрддөр жашаган аймактар бар.
2011-жылы Асаддын бийлигине каршы революциялык көтөрүлүштөр башталган Сириянын түштүгүндө толкундоолор өтө активдүү болбосо да уланып турган.
Сириянын эбегейсиз чөлүндө өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтун согушкерлери дале коркунуч жаратып келет. Өзгөчө трюфелди (баасы кымбат козу-карындын түрү) оруп-жыйноо маалында кишилер кооптуу болсо да бул аймактарга барууга мажбур болот.
Ал эми согуш кайнап турган учурда сүрүлүп барган жихадчылар Идлиб провинциясынын түндүк-батышын көзөмөлдөйт.
Идлибде үстөмдүк кылган дал ушул "Хайят Тахрир аш-Шам" тобу Алеппого күтүүсүз чабуул жасады.
Ырайымсыз ички күрөш
Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлибди кайрадан көзөмөлгө алууга аракет кылып келет, ошондуктан бул аймак бир нече жыл бою согуш талаасы бойдон калууда.
Анткен менен 2020-жылы Асаддын негизги өнөктөшү болгон Орусия жана козголоңчуларды колдогон Түркиянын ортомчулугу менен ок атышпоо келишими күчүнө кирген. Ал ушул убакка чейин дээрлик ишке ашып келди.
Провинцияда 4 миллионго жакын киши жашайт. Алардын көбү Асаддын күчтөрү ырайымсыз согушта козголоңчулардан кайтарып алган шаарларды таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Алеппо эң кандуу салгылашуулардын бири болуп калды, дал ушул жерде козголоңчулар эң чоң жеңилүү ызасын тартышкан.
Жеңишке жетүү үчүн Асад Орусиянын аба күчтөрүнө жана Ирандын жердеги аскердик жардамына таянды. Негизинен Тегеран куралдуу топту каржылап турду. Алардын арасында ливандык "Хезболла" тобунун согушкерлери да бар.
Израилдин Ливандагы чабуулунан "Хезболланын" жоготуулары, Сириядагы ирандык командирлерге Израилдин сокку уруулары "Хезболланын" жана козголоңчу топтордун Алеппого күтүүсүз кол салуусунда чоң роль ойногону талашсыз.
"Хайят Тахрир аш-Шам" согушкерлери Идлибде негизинен көзөмөлдү дээрлик орнотууга жетишти, ал тургай бул аймакта иш жүзүндө жергиликтүү администрацияга айланды. Бирок адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу кабарлар улам чыгып келет.
"Хайят Тахрир аш-Шам" менен "Ал-Каиданын" мамилеси бузулгандан кийин бул топтордун максаттары халифат түзүү эмес, Сирияда ислам бийлигин орнотуу менен гана чектелип калды.
Азырынча "Хайят Тахрир аш-Шам" Сириядагы согушту кеңири масштабда жүргүзө турганын айткан жок же Асаддын бийлигине каршы чакырык таштаган жок. Бирок акыркы күндөрдүн окуялары баарын өзгөртө алат.
Бул Себастиан Ашердин анализинин котормосу, англис тилиндеги макаланы шилтемеден окусаңыз болот. (ErA)