Осмон дипломатиясы. Украинадагы согуш Эрдогандын саясий салмагын көтөрдүбү?
Ольга Просвирова,
Би-Би-Си Орус кызматы
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ар кандай кыйын кырдаалдан кантип пайда көрүүнүн ыгын дурус билет. Авторитардык деп саналган бул авторитардык лидер Москва жана Киев менен жакшы мамиледе болууда. Эрдоган мырза Орусия баштаган Украинага каршы согуштун аркасында дүйнө жүзүндө өзүнүн беделин көтөрүү мүмкүнчүлүгүн байкоодо.
Түркия, демек, бир колу менен Москва менен тыгыз кызматташтыгын улантууда, Кремлге каршы санкцияларды киргизүүдөн баш тартууда жана Орусия менне Түркиянын ортосундагы аба каттамдарын токтотпой келет. Экинчи колу менен Түркия Украинага өз дрондорун жеткирип, дан келишими аркылуу Владимир Путинди сызга отургузду. Эрдогандын таасири күчөп баратат, бирок ал качанкыга чейин бир учурда эки отургучта отура алат? Деги, Түркиянын өзүндө орун алган ички саясий көйгөйлөр анын дымагын көмүп салбас бекен?
“Таракандан” шерикке айлануу
2018-жылдын май айы болчу. Владимир Зеленский Украинанын президенттик шайлоосуна талапкер катары катышуу ниетин билдиргенге чейин алты ай убакыт калды. Куудулдардын "Квартал 95" студиясынын көркөм жетекчиси Зеленский Түркия тууралуу тамашалуу интермедиялык сюжеттерди тартууда.
Зеленский Осмон империясында калайыкка мода болгон, бирок Ататүрктүн тушунда тыюу салынган кызыл жээктүү кийиз баш кийимчен сахнага чыкты. Түрк акцентин туурап, Владимир Зеленский Түркиядагы бийлик алмашпай жаткандыгын мыскылдап, президент Режеп Тайып Эрдоганды “мурутчан таракан” деп келекелеп атады.
Эми болсо Зеленский аскердик хаки түстөгү көнүмүш футболка, шым жана кроссовка кийип алып, автоунаанын эшигинин ачылышын күтүп, улаганын сыртында турду.
Костюмчан жана жагоо тагынган Эрдоган Украинанын президенти менен көпкө чейин кол силкишип учурашты. Алар баарлашып жатышты. Негизинен ыраазычылык ирээтинде колун көкүрөгүнө койгон бойдон Зеленский көбүрөөк сүйлөп жатты.
Бул соңку төрт жыл Украинаны да, Түркияны да өзгөртүп салды. Азил интермедиялар эми унутулуп калды. Баса, согушка чейинки жылдарда деле Украина менен Түркиянын ар бири тең өз ара кызматташуудан пайда көрүп келишкен болчу.
Түркия Орусия тарабынан Крым бир жактуу тартып алынып, Донбасстын бир бөлүгү басып алынган 2014-жылдагы окуялардан кийин Украинага өзүнүн дрондорун сатууга макул болгон азганактай өлкөлөрдүн сабында болду. Ушул тапта бул түркиялык дрондор украиналык каршылык көрсөтүүнүн символуна айланды.
Эрдоган болсо өз өлкөсүн аймактагы таасирдүү саясий оюнчуга айландыруу мүмкүнчүлүгүн ар дайым эсинде тутуп келет. Андан тышкары, Түркия лидери ар дайым өзү тыгыз байланышта болгон крым татарларынын атамекени болгон Крымды убактылуу колдон чыгарып алган Украинанын бийлигине жан тарткан мамиледе болду. Негизинен Режеп Тайып Эрдоган Крымды Украинага кайтаруу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр менен чектелди. Кээде крым татарларынын жамаатына шеринелерди, кереге кеңештерди уюштуруп берип жатып, Эрдоган бул жамаатты сөз жүзүндө гана колдоосун улантты. Бирок, ошентсе да, Эрдогандын билдирүүлөрүнүн аркасында Крым маселеси дүйнө лидерлеринин ар кыл талкууларында башка темалардын арасында байкалбастан чөгүп кетпей калкып турду.
Орусия Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушту баштаган чакта, Эрдоган өзүнүн таасирин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрдү да, четте жөн гана туруп кала алган жок.
Түркия Украинаны “Байрактар” дрондору менен жабдуусун улантты. Дал ушул дрондорду өндүрүп жаткан “Baykar” компаниясы болсо каргашалуу согуш улантылып жаткандыгына кайыл болуп, Киевде өз ишканасын курууга киришти.
2022-ж. октябрда Түркияда Украинанын Аскер-деңиз флоту үчүн курулган туңгуч “Милгем” корвети (деңиз аскер кемеси) сууга түшүрүлдү. Бул кеме украиналык аскер флотундагы эң ири кеме болуп калмакчы.
Мында президент Зеленский өзү Түркияда жасалган соот кийип жүргөнү тууралуу саймедирлеп айтпай эле коёлу.
Эгерде мурдагы айрым көрпенделик түшүнүктөрдө Түркия тек гана баасына баары жоктун баары камтылчу Анталья курорттору менен гана байланыштырылып келсе, азыркы тапта Эрдоган аймактагы эң таасирдүү оюнчуга айланууну көздөп жаткандыгын шардана кылып, чөлкөмдө данакер болуу үчүн бардык аргасын жасап жатат.
Анын дымагына Украина да, Орусия да эч каршы чыккан жок. Ал эми Владимир Зеленскийдин басма сөз кызматы өз расмий билдирүүлөрүндө Эрдоганды “өнөктөш жана ынтымакташ” деп атап жүрөт. Арийне, түркиялык лидердин туруму ал өзү каалагандай кубаттуу да эмес.
Батыш менен Батыш-Эместин ортосунда
Согуш башталгандан бери расмий Анкара аскердик жаңжалды ар тараптан жөнгө салууда данакер катары өз кызматын сунуштап келет. Түркия Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, туткундарды алмаштырууга катышып, украин данын экспорттоо боюнча келишим түзүүгө көмөк кылды.
Бирок согуш канчалык узакка созулган сайын, Украина менен Батыш өлкөлөрүнүн Түркияга карата суроолору да ошончолук көбөйүп келет. Бир жагынан, Эрдоган Орусиянын Украинадагы согуш аракеттерин ачык айыптап, каратылып алынган аймактар, – анын ичинде Крым жарым аралы дагы, – кайрадан Украинанын көзөмөлүнө өтүшү керек деп баса белгилөөдө. Экинчи жагынан, Түркия НАТОнун Москвага каршы санкция киргизбеген жалгыз мүчө өлкөсү болуп калды.
Түркия Орусия үчүн аба мейкиндигин жапкан Европага кошулган жок, ошондуктан орус учактары түркиялык аба майдандарына каттамдарын улантууда. Өлкөдө “Мир” карталары соңку мезгилге чейин кабыл алынып, орусиялыктарга жергиликтүү банктарда эсеп ачууга уруксат берилген. Башкасын айтпаганда да, Европа орус газынан чукулунан баш тартканы менен Түркияга бул газ чектөөсүз агып кете берди.
Ошол эле маалда Орусиянын Украинага басып кириши Швеция менен Финляндияны НАТОго мүчөлүккө кайрылууга аргасыз кылганда, бул аскердик ынтымактын мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Түркия алгач бул жүрүмдү создуктурду. Андан соң расмий Анкара өзү террорчу деп санаган бир нече ондогон кишилерди өткөрүп берүүнү талап кылып, бул өлкөлөргө ультиматум койду.
Европалык жана америкалык саясатчылар санкциялардын бекем дубалынан жылчыктарды табууга Орусияга жардам берген Эрдогандын жүрүм-турумуна нааразы экенине көп ирет ишаара кылышкан. Бул кооптонуулар Украинада да бар. Быйылкы жай мезгилинин башынан бери бул өлкөдө Эрдогандын дарегине кыйла сындар айтылып келет. Украинанын Тышкы иштер министрлиги соңку айларда түрк элчисин эки жолу чакырып, бир катар маселелер боюнча өз “тынчсыздануусун” билдирген. Украинанын Түркиядагы элчиси болсо Эрдоганды Орусия Украинадан уурдап кеткен эгинди сатып алган деп ачык айыптаган.
Узак убакыт бою Украина Түркия менен болгон мамилесин Батыш менен өнөктөштүктүн бир бөлүгү катары карап келген, бирок соңку согуш учурунда Киев кырдаалга башка өңүттөн кароого аргасыз болду.
"Кайсы бир мааниде Эрдоган көптөн бери дал ушул нерсеге жетишүүгө аракет кылып келет – ал дүйнөлүк алкакта өзүн-өзү камсыз кылчу оюнчу болууга жана Батыш менен Батыш-Эмес дүйнөнүн ортосунда данакер болууга куштар. Украина болсо мындай назик өңүттөргө маани бербей келди же атайылап аларды көз жаздымда калтырууну эп көрүп жатты, анткени Түркия НАТОнун мүчөсү эмеспи. Азыркы тапта Орусиянын баскынчылыгы расмий Киевди түркиялык тышкы саясатка алда канча астейдил кароого мажбур кылды”, – дейт Карнеги фондунун адиси Илья Куса.
Куса мырзанын айтымында, бул жагдай Түркия менен Украинанын өз ара мамилеси жакын арада үзгүлтүккө учурайт дегенди эч билдирбейт. Тек гана бул өнөктөштүк кырдаалга ылайыкташат жана прагматикалык мүнөзгө ээ болуп, расмий Анкаранын Орусия менен өз ара мамилесинде көздөп жаткан кызыкчылыктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылмакчы.
Расмий Анкара Орусия менен тыгыз кызматташууну өз кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгы менен түшүндүрөт: кантсе да, расмий Москва газ жана мунайдын негизги жабдуучусу бойдон калууда. Мындан тышкары, Запорожье өзөктүк электр ишканасында алаамат коркунучу туулду: эгер бул коркунуч ишке ашса, анда бул алаамат Түркияга түздөн-түз кесепетин тийгизээри бышык.
Бирок Батыш ар кандай түшүндүрмөлөрдү алышы деле күмөндүү: Батыштын Түркияга өз мамилесин билдирип, ага кандайдыр бир жол менен кысым көрсөтүүгө чамасы чарк, дейт Оксфорд университетинин Түркия боюнча адиси Димитар Бечев.
Албетте, Евробиримдикте көзүр деле жок эмес: Евробиримдик Түркия үчүн эң маанилүү ролду ойнойт, анткени Евробиримдик Анкаранын импорт жана экспорт боюнча эң ири өнөктөшү, ошондой эле инвестициянын негизги булагы болуп саналат. Эрдоган бул мамилелерди дурус баалабай коё албайт. Бирок Евробиримдикте Түркия менен мамилени кандайча куруу керектиги боюнча орток пикир да жок.
"Европа Биримдигинде Түркияга карата кандай мамиле кылуу керектиги боюнча пикир келишпестиктер бар. Франция баштаган бир топ Түркияга карата катаал мамиле керек деп эсептесе, экинчи топ, мисалы, Германия, Түркия менен кызматташууну өнүктүрүү керек деп эсептейт. Ошондуктан Эрдогандын ийкемдүү кадамдар жасоо мүмкүнчүлүгү бар, эң негизгиси, ал мындай кырдаал тууралуу дурус билет», – деп Димитар Бечев адистик түшүндүрмөсүн ортого салды.
Кошумчалай кетсек, Эрдоган Владимир Путин менен үзгүлтүксүз байланышын улантып келе жаткан дээрлик жалгыз дүйнөлүк лидер бойдон кала берүүдө. Бул кырдаалда Эрдогандын Путин менен алакалары Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн кичинекей болсо да мүмкүнчүлүктөр терезеси болуп кала берип жаткандыгын Батыштагылар аңдашууда.
Саясатчы жана аткаминер
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин өз ара мамилеси акыркы жылдары сыйда болгон жок. 2015-жылга чейин аларды достук мамиледе болчу деп айтууга болмок, бирок Сириядагы согуш бул президенттерди өз ара душманга айланткан. Бул согушта орусиялык аскерлер президент Башар Асад тарапта урушка катышып жатса, Түркиянын аскерлери сириялык оппозицияны колдоого алып жатты.
2015-жылдын ноябры эки өлкөнүн өз ара мамилесиндеги эң оор ай болуп калды% ушул айда түркиялык аскерлер Сирия-Түркия чек арасына жакын жерде орусиялык бомбалоочу учакты атып түшүргөн. Расмий Москва расмий кечирим суроону талап кылды, Анкара болсо ок атууга укугу бар экенин ырастады. Эрдогандын калайык алдында өкүнүч билдиришин күтүп отурбастан, Владимир Путин товардык эмбарго менен жооп кайырып, орусиялыктарга экономикасы туризмден көз каранды болгон бул өлкөгө саякаттап барууга тыюу салды. Ошондо Түркия менен Орусиянын өз ара мамилеси иш жүзүндө убактылуу үзгүлтүккө учураган эле.
Эрдоганды тынчсыздандырган бул тирешүү учурунда Орусия түрк президентине ислам экстремисттеринен жашыруун түрдө мунай сатып алууга тийешеси бар деп да кине койгон. Эрдоган эгер кимдир бирөө буга далил келтирсе, анда кызматтан кетем деп убада кылды. Бирок Москва өз сөзүн тастыктап отурбоону чечти.
Андан жети айдан кийин Эрдоган багынбай туруп эле жибип берди. Ал Путинге кат жолдоп, набыт болгон учкучтун жакындарына көңүл айтып, анын өлүмү үчүн кечирим сурады. Бирок ал адаттагыдай амалын кылып, бомбалоочу учактын өзүнүн жок кылынгандыгы үчүн эч кечирим сураган жок. Бул жагдайга карабастан, анын планы оңунан чыгып, эки өлкөнүн баарлашуусу кайра жанданды.
Бирок бир нече аптадан кийин Эрдоган өлкөнүн ички дүрбөлөңү менен алаксып кетти: өлкөдө майнапсыз аяктаган аскердик төңкөрүш далаалаты орун алды. Ошол маалда Жер Ортолук деңизиндеги курортто эс алып жаткан президенттин өзүн колго түшүрүү мүмкүн болбой калып, төңкөрүш далаалаты басылды.
Путин Эрдоганга телефон чалган биринчи чет элдик лидер болду. Көп өтпөй Эрдоган Орусиянын президенти менен көзмө-көз жолугушуу үчүн Санкт-Петербургга учуп келди.
Ал кездеги куру чечендик азыркы учурдагыдан башкача болчу: Эрдоган Путинди “досум” деп атап, бул жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ага ыраазычылык билдирди.
Бирок көйгөйлөр муну менен эле аяктаган жок. 2019-жылы Орусия менен Түркия кайрадан Сириянын түндүк-чыгышындагы баррикадалардын карама-каршы тарабында калышты. Анан бир жылдан кийин алар түзмө-түз согуштун босогосунда да турушту: Эрдоган Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик иш-чара жасайбыз деп коркутту, ал эми Орусия Асадга колдоо көрсөтүүгө убада кылды.
Сирия эле тирешүү чөйрөсү болуп чектелбестен, Ливияда да Путин менен Эрдоган жергиликтүү жарандык согушта өз ара жоолашкан тараптарды жактап, бири-бирине өйүз-бүйүз чыгышты.
Мына ушулардын бардыгына карабастан, акыры экөө тең тил табыша алышты. Ал эми бардык карама-каршылыктар (Батыш өлкөлөрүнүн нааразычылыгы сыяктуу эле) Түркиянын орусиялык С-400дөрдү сатып алуусуна, Украинаны айланып өткөн “Түрк агымын” ачуусуна жана Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгинде өзөктүк электр ишканасын куруу үчүн «Росатомго» уруксат берүүсүнө жолтоо болгон жок.
Көп учурда Эрдоган менен Путинди бири-бирине окшоштурушат. Экөө тең өз өлкөлөрүндө оор мезгилден кийин бийликке келип, элге туруктуулукту сунуштап, салттуу баалуулуктарды жактап, авторитардык лидерлер болуп калышты. Экөө тең өз каршылаштарына, ошондой эле журналисттерге жана жарандык жигердүү өкүлдөргө каршы жазалоолорду башташты.
Орусиянын Жаңы Түркияны изилдөө борборунун директору Юрий Мавашев минтип кошумчалайт: "Эрдогандын стили, бир караганда, Путиндикине окшош, бирок анын бир маанилүү айырмасы бар. Путин саясий күрөштө кыпындай да тажрыйбасы жок аппаратчы аткаминер. Ал эми Эрдоган – саясатта өз нугун сала алган киши. Ал Стамбулду мэр катары жетектеп, алтургай саясий көз карашы үчүн бир аз убакыт абакта да отурган (1997-жылы Эрдоган бийликке жакпаган ыры үчүн 120 күн абакта жатып, мунун айынан мэр кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. – Би-Би-Синин редакциясы)".
Мындай айырмачылыкка карабастан, Эрдоган менен Путин көп учурда өз ара түшүнүшүүгө жетишип, бири-биринин дымактарына жана кызыкчылыктарына кадырлоо менен мамиле кыла алышкан. Бирок Украинадагы согуш Эрдоганга ал согуш башталганга чейин өзү да билбеген сапатын ачыктап койду.
“Дүйнө – беш (өлкөдөн) кеңирээк”
Владимир Путин жолугушуу алдында башкалардын өзүн күтүп калуусун жакшы көргөнү менен таанымал. Дүйнөлүк саясатта мындай кечигүүнү сыйлабастык деп эсептешет, бирок сейрек гана учурларда Путин менен жолугушуулар өз убагында башталаар эле.
Бирок 2022-жылдын июль айында Путиндин өзүн күтүүгө мажбурлашты. Көпкө деле эмес – бир мүнөттөй эле... Орусиянын президенти камералардын алдында эриндерин тиштеп, бутун солбуп жалгыз күтүп турду. Ошондон кийин Эрдоган залга кирип келди да, Путин жолугушууга кечигип келген кымбаттуу досун күтүп жаткандай ага кучак жайды.
Эксперттер бул кечигүү – кокустукпу же Эрдогандын атайын жасалган ишаарасыбы? деп көпкө талдап жатып калышты. Эрдоган тышкы саясаттагы дымагын эч качан жашырбагандыктан, бул эки вариант тең туура болушу мүмкүн. Өткөн жылы ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн дүйнөнүн саясий системасынын “адилетсиздиги” тууралуу айтып чыккан. Түркиянын президенти БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн катарына кирбеген мамлекеттердин укуктарын кеңейтүүнү сунуштады. Дал ошондо ал даңазалуу болуп калган “Дүйнө – беш (өлкөдөн) кеңирээк” деген сөзүн айтып чыккан болчу.
Өз дымагына ылайык Эрдоган өзүн (Путин сыяктуу эле) дайыма Кара деңиз аймагынын лидерлеринин бири деп ар дайым санап келген. Бирок орусиялык аскерлер эмнеге жөндөмдүү экендиги ашкереленген быйылкы согуш айлары түрк президентине өзүн лидер деп атаганга негиз берди. Адис Юрий Мавашевдин белгилешинче, азыркы тапта Орусиянын мүмкүнчүлүктөрүн Түркиянын мүмкүнчүлүктөрү менен теңештирүүгө эч мүмкүн эмес.
Андан тышкары, Орусия Украинадагы согушта тез жана оңой жеңишке жете албай калган соң, чөлкөмдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрүп кетти. “Эми, – дейт Димитар Бечев аттуу адис, –Түркия Орусияга эмес, Орусия Түркияга көбүрөөк муктаж”.
Ооба, Орусия Түркиянын газ тармагындагы негизги өнөктөшү бойдон калууда, бирок Эрдоган Москва үчүн бул газды сатуу базары күн сайын азайып баратканын дурус билет. Бул жагдай Орусия өзү үчүн маанилүү болуп калган газ сатуу базарын тобокелге салууга барбайт дегенди туюнтат. Муну Владимир Путин өзү да аңдап турат. Ал Эрдоганга Түркияда «газ хабын» – газ бөлүштүрүү чордонун түзүүнү сунуштаган болчу. Бул чордон аркылуу негизги экспорттук газ агылып өтмөк.
Эрдоган, албетте, бул сунушка макул болду. Мындай долбоор ишке ашчу болсо, анда Түркия газ сатууда негизги ортомчу болуп, ага кошумча керектүү инфратүзүмгө да ээ болуп калмакчы. Путин ошондой эле мындай схема Европага газ сатууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнөт; ал схема үчүн санкцияга кабылган орус банктары тарабынан рубль менен төлөмдөрдү жүргүзүүнүн эч кажети болбой калат.
Сөз жүзүндө муну бардыгы татынакай угулат. Иш жүзүндө болсо, абал кыйла татаалыраак. Учурдагы “Түрк агымы” газ кууру эки нуктан турат, анын бири түркиялык кардарларды, экинчи нугу – Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүн газ менен камсыздоого тийиш. Бирок Европанын түштүгү техникалык жактан чамасы чарк келгендиктен, өтө чоң көлөмдөгү газды кабыл ала албайт.
Бирок негизги көйгөй техникалык жакта деле эмес. Маселенин жөнү мындайча: деги Европа өлкөлөрү чын-чынында түркиялык чордондон орусиялык газды сатып алып жатышканын түшүнүп, кандайдыр бир «түркиялык» газды сатып алууга даяр болоор бекен? Европалык кардарлар орусиялык газга жетүүгө умтулуп жатышкан жери жок. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен айым Европа сегиз айдын ичинде эле орусиялыктар жабдыган газдын үчтөн экисин башка булактын газына алмаштырууга жетишкенин айтып чыкты.
"Жүйөөлүү күч көрсөтүү"
Азырынча Эрдоган мырза Украинадагы согуштан пайда көрүп жатат, бирок Түркияга коңшу аймактагы бул согуш канчалык узакка созула берсе, Эрдоганга ошончолук мүшкүл болот, деп адис Димитар Бечев эсептейт.
Украинадагы тынчтык Эрдоган үчүн чоң жеңишти ыйгарышы ыктымал, бирок бул согуш дагы эле улантылууда. Ал эми түрк лидеринин жекече жетишкендиктери азырынча анчейин деле көп эмес. Алардын эң негизгиси – Эрдогандын дан келишимине байсалдуу катышуусу болду. Орусиялык аскерлер жай мезгилинин ортосуна чейин украин портторун камалап турушкан, анын айынан миллиондогон тонна эгин сөздүн түз маанисинде камалып жатты. Жакыр өлкөлөр азык-түлүк таңкыстыгынын коркунучуна туш болду; дүйнөлүк базардагы баалар кескин көтөрүлдү. Эрдоган менен БУУнун ортомчулугу аркылуу бул камалоо жоюлду. Бирок бул абал көпкө созулбады.
Быйыл күзүндө Орусия Украинаны орус флотуна кол салуу үчүн "коопсуздук өткөөлүн" колдонгон деп айыптап чыкты да, дан келишиминен бир тараптуу чыгып кетти. Бирок болгону 72 саат өтүп-өтпөстөн жана Эрдоган менен бир жолку сүйлөшүүдөн кийин эле, Владимир Путин өз оюнан күтүүсүз жерден кайра кайтты.
Түркия Москваны кантип ынандыра алганы жөнүндө эч маалымдаган жок. Орусия болсо белгилүү кепилдиктерди алганын билдирди. Бирок Батыш агенттиктеринин аты-жөнү айтылбаган булактары Кремлдин дан келишимине кайтып келиши Анкаранын кысымынын натыйжасында болгондугун белгилешти.
Эрдоган сындай кысымга баруу ыктымалдыгын жүйөө катары колдонгонун элестетүү кыйын, бирок Түркия дан ташыган кемелердин коопсуздугун кепилдөө үчүн бул кемелерди коштоп жүрсө деле жетиштүү болмок. Түркиялык аскер кемелерине карата ар кандай чабуул, анын ичинде кокустуктан орун алчу чабуул деле, НАТОнун кемелерине каршы жасалган чабуул катары кабыл алынмак болчу.
Украина президентинин кеңсесинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляктын ишениминде, Путин «жүйөөлүү күч көрсөтүүдөн» улам өз оюн өзгөртүүгө мажбур болду. Подоляк мырза бул ыкманы “Осмон дипломатиясы” деп атады.
Эрдоган “Осмон дипломатиясын” Москва жана Киев менен баарлашуусунда гана колдонуп чектелген жок. Ал Африка аймагын да өзүнүн таасирин жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачкан чөлкөм катары санайт. Африка өлкөлөрүндө тынымсыз түрдө жаңы түрк өкүлчүлүк кеңселери ачылууда. Түркия бул континентте 43 элчиликке ээ. Түрк аба жолдору компаниясы бул өлкөлөрдүн далайын аба каттамдары менен байланыштырат. Ал эми Эрдоган өзү Африкага үзгүлтүксүз барып турат жана буга чейин ал ушул континенттеги 30дан ашуун өлкөгө барып келген.
Түркия быйыл жыл башында Түштүк Африка, Марокко, Нигерия, Гана, Алжир жана Эфиопия сыяктуу африкалык 19 өлкөгө аскердик атташесин жөнөткөн. Акыркы жылдары Түркия Батыш жана Чыгыш Африкадагы көпчүлүк өлкөлөр менен аскердик келишимдерге кол койду.
Эрдоган буга чейин бир нече ирет Түркия-Африка өнөктөштүк саммиттерин өткөрдү жана континенттин өлкөлөрү менен кызматташтыгын улантууда. Анкара аларга унаа, ок-дары жана курал-жарактарды, анын ичинде өзүнүн даңазалуу дрондорун да сатууда.
Орусия Украинадагы согуш менен алек болуп жаткан чакта, Режеп Тайып Эрдоган Евразияда жана жалпы эле Орусия өзүнүн кыйыр энчисинде деп көрсөтүүгө далаалат кылган мейкиндикте өз таасирин күчөтүүдө, деп адис Юрий Мавашев белгилейт.
Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) президенттеринин тогузунчу саммити 11-ноябрда ишин жыйынтыктады. Ага Түркиядан тышкары Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын лидерлери катышты. Анын алкагында алар Түркмөнстандын жакын арада бул уюмга кошулушу мүмкүндүгү тууралуу талкуулашты. Саммитке Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да катышты.
Убакыт Эрдоган үчүн абдан ыңгайлуу болуп турат.
Ал эми Борбордук Азиядагы эң ири өлкө болгон Казакстан Украинада болуп жаткан окуяларга нааразылыгын билдирген. Өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев Украинанын чыгышындагы өзүн-өзү эгемен жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” көз карандысыз мамлекеттер катары таануудан баш тартып, аларды “квазимамлекеттик (“жалган мамлекеттик”) аймактар” деп атады.
Ал эми Эрдоган түрк тилдүү өлкөлөр менен соода алакаларын көбөйтүүнү улантып келет жана, мисалы, жамы мечиттерди куруу же жаңыртуу иштерин каржылоо аркылуу “жумшак күчтү” колдонууда.
Бирок Эрдогандын бир олуттуу көйгөйү бар. Түркияда президенттик шайлоо келээрки жай мезгилине белгиленген. Анын дүйнөлүк алкактагы жеңиштери таасирдүү көрүнгөнү менен, шайлоочулар үчүн өлкө ичинде болуп жаткан окуялар алда канча маанилүү.
Баш макала темаларына карата иммунитет
Эгерде тышкы саясатта Эрдоган кандайдыр бир ийгиликтерге жетише алса, ал эми ички саясатта ал олуттуу көйгөйлөргө туш болууда.
Азыр – Түркия оор экономикалык кризиске кептелген чак. Расмий эсеп боюнча гана инфляция 85%дан ашып кетти. Бул – акыркы 24 жылдагы рекорддук көрсөткүч. Баалар дээрлик бардык товарларга өсүп жатат, бирок эң байкаларлык секирик – азык-түлүк баасына жана унаа акысына таандык болуп саналат.
Мындайча жогорку инфляциянын себеби – лиранын төмөндөшүнүн улантылышы. 2021-жылдын күзүндө Түркиянын Борбордук банкы өзөккү үстөк пайызды, башкача айтканда, Борбордук банк соода-сатыктык банктарга насыя кылып берген пайызды төмөндөтүүгө барган.
Адатта, дүйнө жүзү боюнча борбордук банктар инфляцияны кармап туруу үчүн үстөк пайыздарды көтөрүүгө аракет кылышат. Бирок Борбордук банктын акча-насыя саясаты боюнча Режеп Тайып Эрдогандын өзүнүн көз карашы бар. Экономиканы турукташтыруу боюнча убадаларга айрыкча таянган Эрдогандын режими үчүн азыркы кризис башкы көйгөйгө айланды. Айтмакчы, азыркы президент 1998-жылдагы экономикалык кризистен кийин Анкарадагы бийликке келген эмеспи.
Түркиядагы оппозиция Эрдоганды кишинин жеке катачылыгынын айынан келип чыккан кризис үчүн аёосуз сынга алып келет. Бир жыл мурда “Изги партиянын” (İyi Parti) лидери, 1956-жылы туулган Мерал Акшенер (Meral Akşener) айым Бүйүк Межлисте (парламентте): "Экономиканы кантип башкаруу керектиги боюнча миңдеген китептер жазылды. Бирок аны кантип жок кылуу керектиги боюнча бир дагы китеп жазылган эмес. Бул бөлүктү жазуу шыбагасы – Сизге таандык, Эрдоган мырза”, – деп какшыктап чыкты.
Түркияда шайлоо 2023-жылдын жай мезгилине белгиленген. Орусиянын Жаңы Түркияны изилдөө борборунун директору Юрий Мавашев мындай деп белгилейт: “Оппозиция жөн отуруп кала берген жок. Алар коалициянын талапкери ким болоорун азырынча жарыялай элек. Алар Эрдоганга аллын ала дем таштагысы келбей турушат: эгерле алар кимдир-бирөөнүн ысымын ачыкташса, анда бул кишиге каршы акимдик карааттар колдонула баштайт, ага каршы жаманатты кылчу жагдайлар иликтенет, ЖМКлар аркылуу талоонго кабылтышат. Учурда оппозиция Эрдоганды, Эрдоган болсо оппозицияны аңдып карап турушат. Ошентип, алар 2023-жылга карай жылып бара жатышат”.
Акимдик өкүмзор каражаттар айрым бир учурларда, – алдыдагы шайлоодо жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар болжолдуу талапкерлерге каршы, – эмитеден эле колдонула баштады. Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кемсинткен деген доого кабылышы күтүлүүдө. Эгер андай доо тастыкталчу болсо, анда ал 4 жылга чейин эркинен ажыратылып, жетекчилик кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салынышы ыктымал.
Жумурияттык Элдик партиядагы (Cumhuriyet Halk Partisi) Имамоглунун үзөңгүлөштөрү бул доону болочокку шайлоо өнөктүгү менен байланыштырып, Эрдоган оппозициянын болжолдуу бирдиктүү талапкеринен алдын ала кутулууга далаалат кылып жатат деген жоромолдорун айтышууда.
Эрдоган тышкы саясаттагы жеңиштерин ички чөйрөдө пайдаланууга далаалат кылууда, бирок өлкөнүн жарандары чет жактагы көп өлкөлөр Түркия менен эсептешип жатканына, президенттин ысымы басма сөздөгү баш макалалардын аталыштарынан түшпөй калгандыгына эчактан бери эле ансыз да көнүп калышкан.
"Калайыкта (даңазага) иммунитет пайда болуп калды. Эрдоган бул сырткаркы ийгиликке чайкоочулугун колдоном деп жатып, артык кылбай, тыртык кылып алды. Бирок, эң негизгиси, муздаткычтын ичинде жок нерсени көгүлтүр экранда көрүнүп турганга айырбаштоо өтө кыйын. Бул мааниде алганда, ал – Орусиянын тарыхына таптакыр жат көрүнүш", — дейт Мавашев мырза.
Буга карабастан, Эрдогандын бийликте кала берүү мүмкүнчүлүгү дагы эле жогору. Димитар Бечев белгилегендей, өлкөнүн өкмөтү субсидиялоо программасын баштады. Бул – кыска мөөнөттүү чара, бирок азыркы президент ага гана таянып чектелбейт.
"Анда дагы эле бардык таасир этүүчү аргалар бар, анын ичинде шайлоо комиссиясы бар, ал жалпыга маалымдоо каражаттарын көзөмөлдөйт. Демек, бул жагдайда ат салышуунун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарт жаралбайт", – деп Бечев мырза баса белгиледи.
Эрдогандын алдыдагы шайлоодогу кандай мүмкүнчүлүктөрү бардыгына карабастан, жакынкы айларда ал Украина, Орусия жана Батыштын ортосунда ортомчу болуп кала бермекчи.
Анткени айланада башка ортомчулар таптакыр жок. (TT)