BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Түркия Орусиянын далысына бычак урдубу?
Түркия менен Орусиянын дүйнөлүк саясаттагы алакасы ары кызыктуу ары татаал тема. Сириядагы соңку окуялар Эрдоган менен Путиндин "стратегиялык достугун" дагы бир жолу сынамай болду. Башар Асаддын режиминин кыйрашы геосаясаттын шахмат тактасында ким утту да, ким катуу сокку жеди деген суроону кабыргасынан койду.
Алкоголго жаңы акциздик марка: салыктын өлчөмү өскөнү менен сапат түшүп жатабы?
Ай башында министрлер кабинети алкоголдук ичимдиктердин акциздик маркаларын үч күн аралыгында алмаштыруу тескемесин чыгарды. Андан көп өтпөй атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев бул тармактагы коррупциянын кесепетинен миллиарддаган сом бюджетке түшпөй калганын айтып чыкты. Ага катарлаш салык кызматкерлери биринин артынан экинчиси кармала баштады. Бирок тескемеге каршы болгон алкоголь өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр тонналаган товарлардын маркасын үч күн ичинде алмаштыруу мүмкүн эмес деп нааразы болушту.
Кыргыз айымы Нобель жана Оскардын лауреаттарына катарлаша тизмеге кирди
Би-Би-Си 100 Айым долбоорун жарыялады. Долбоор жыл сайын дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдарды тандап, алардын ишмердигин чагылдырып келет. Быйылкы тизмеге кирген айымдар да абдан кызыктуу каармандар. Нобель сыйлыгынын, Оскардын лауреаттарынан тартып, космосто эң биринчи болуп марафон чуркаган астронавт айым да бар. Айтмакчы, дал ошол айым так ушул мүнөттөрдө Жер шарынан 400 миң км аралыкта космосто учуп жүрөт.
Сириянын убактылуу өкмөт башчысы тынчтыкка чакырды
Мохаммед ал-Башир Сириянын өткөөл өкмөтүнүн премьер-министри болуп дайындалган соң Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин "тынчтык жана туруктуулуктан" ыракат ала турган учур келди деп билдирди.
Элдик курултай: максаты жана жыйынтыгы
Кыргызстанда Курултай институтунун коомдогу орду боюнча көптөгөн талкуулар айтылып жүрөт. Мындан үч жыл мурун уюм кыргыздын ата-бабадан калган салт-санаасына таянып, коомдун өнүгүүсүнө жаңыча багыт берүүчү орган катары түзүлгөн. 30-декабрда жер-жерлерден дайындалган 700 делегат кайрадан борбордо чогулат. Бирок курултай өз миссиясын канчалык деңгээлде ишке ашырып жатат жана коомдун өнүгүүсүнө кандай салым кошо алды деген суроолор ачык бойдон калууда.
Сирия: Асаддардын доору бүттү, эми эмне күтөт?
Кубанычтын көз жашы. Мындагы куралчандар көпчүлүк ушул күндү ондогон жыл бою күтүшкөнүн белгилеп, асманды карай ок атышууда. Алар Асаддын режиминен бошонду. Эми алардын өлкөсү бурулуш учурда турат.
Башар Асад: Лондондогу көз доктур кантип Сирияны башкарып калган?
Учакка олтуруп Дамасктан чыгып кеткен бойдон кабары чыкпай жаткан Башар Асад Москвага конгону кабарланууда. Айрым маалымат каражаттатары ал үй-бүлөсү менен чогуу саясий баш паанек алганын Кремлдеги булактарына шилтеме берип жазып жатышат. Бир нече саат бою анын кабары чыкпай турду. Ал олтурган учак учуп бара жаткан бийиктик тездик менен төмөндөп, андан соң радардан жок болуп кеткен. Ошондон улам ал олтурган учак кыйроого учурашы толук мүмкүн деген кабарлар желдей тараган эле.
Сирия: качкан президенттен кабар жок, козголоңчулар борбордо
Сириянын президенти Башар Асад кайда экени али так белгисиз. Ал олтурду делген учак Дамасктан чыгып, радардан тез жоголуп кеткенин айрым маалымат каражаттары жазып жатышат. Ал тургай сөз болуп жаткан учак кыйрап калган болушу мүмкүн деген кабарлар дагы чыгып жатат. Бирок бул азырынча тактала элек. Дагы бирлери Башар Асад чет өлкөдөн башпаанек сурайт деп болжоп жатат.
Румынияда президенттик шайлоо жокко чыкты. Чырдын чынжыры Тиктокко такалды
Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Эки күндөн кийин шайлоонун экинчи туру өтмөк. Конституциялык сот тараткан билдирүүдө шайлоо жараяны кайрадан толугу менен башынан баштала турганы айтылат. Шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчул улутчул талапкер Кэлин Жоржеску күтүүсүздөн жеңишке жеткен.
Би-Би-Си иликтөөсү: фотомоделге таандык компания Британиянын аскердик оптикасын Орусияга жөнөтүп турган
Британ фирмасы тарабынан жасалган 2,1 миллион долларга тете жогорку технологиялык жабдыктар орус армиясы менен байланышы бар компанияларга сатылган. Аны Би-Би-Синин колуна тийген бажы документтери көрсөтүп турат.
Алеппону басып алган сириялык козголоңчулар дагы бир шаарга кирип барышты
Сириялык козголоңчулар 5-декабрь күнү Хама шаарына кирип барышканын жар салышты. Аскерлер үстөккө-босток кагылышуулардан кийин аталган маанилүү шаардан чегинишкенин билдиришти. Өткөн аптада козголоңчулар Алеппо шаарын ээлеп алышкан эле. Бул 2016-жылдан бери биринчи ирет болуп жатат.
Курсктагы салгылаш: чаалыккан украин аскерлери эмне үчүн Трамптын Ак үйгө келишин күтүүдө?
Курск облусунда согушуп жаткан украин аскерлеринин маанайына карап, ал жакта абал өтө эле оор экенин байкоого болот. Украин аскерлери төрт ай мурунку чабуулдун максатын түшүнбөй, жеңилип калуу коркунучун сезип турушкандай.
Редактордун тандоосу
Би-Би-Си 100 Айым 2024: тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган 2024-жылдагы эң таасирдүү жана үлгүлүү 100 айымдын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот, актриса Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.
Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү
Саммиттин ачылыш сөзүндө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин билдирди.
Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру
Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.
Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?
Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.
Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?
Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.
“Көрсөң жүрөгүң ооруйт”: Муз-Төрдөгү кертилген мөңгү
Бул сүрөт Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун ортосунда жайгашкан Муз-Төр аймагынан тартылган. Анда тоо бетин жиреп өтүп, көк жалтаң музду кертип салган жолду көрүүгө болот.
Коррупция чырмаган, бүжүрөгөн кол балага айланган сот
Кыргызстанда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызы менен кызматынан кетти. Бул Бишкекте он бир журналистке сот өкүмү чыгып, алды алты жылга түрмөгө кесилип, эл аралык уюмдар катуу сын айткан учурга туш келди. Сот бийлиги өлкөдө көп жылдар бою коррупциянын чырмоогунан чыга албай келатса, соңку жылдары суперпрезиденттик башкаруунун бүжүрөгөн кол баласына айланганы айтылууда.
Аялдан чыккан “Ак илбирс”. Эвересттен да катаал тоону багынткан кыргыз кызы
Күлүмсүрөгөн назик аял кофесин ууртап, маңдайымда олтурду. Кеңсе кызматкери, болгондо да эсеп-кысап оюнан чыкпаган бухгалтер. Сыртынан караган киши бул айым дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгууга камынып жатат десе ишенбейт. Иш жүзүндө эки жыл мурун эле Эверестке мүмкүн болушунча жакын барып, Манаслу чокусуна чыгып, Кыргызстандагы эң бийик кырларга эбак изин калтырган.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.