Корей кысыгы
Көрүнүш
Корей кысыгы - Корей жарым аралы менен Япон аралдарынын (Ики, Кюсю жана Хонсю аралынын түштүк-батыш чети) аралыгында жайгашкан. Япон деңизин Чыгыш Кытай деңиз менен туташтырат. Узундугу 324 км, жазылыгы 180 км, эң тайыз жери фарватерде 73 м. Цусима аралы экиге — Чыгыш жана Батыш өткөөлдөрүнө бөлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9