Аракс
Араз (түрк. Aras, арм. Արաքս (Arakʿs), азе. Araz, ир. ارس, Эрес[1]) - Закавказье менен Түркиядагы (башталышы) дарыя, Куранын оң куймасы. Узундугу 1072 км, алабынын аянты 102 миң км2. Башталышында кууш терең өрөөн аркылуу агат, ортоңку агымында (Арарат түздүгү) өрөөн кеңейип, салааларга бөлүнүп кетет. Төмөнкү агымы Кура-Аракс түздүгү аркылуу өтөт. Орточо чыгымы төмөнкү агымында 285 м3/секунда. Аракс жылына 16 млн о агынды алып келет. Аракста СССР менен Иран курган гидротехникалык комплекс иштейт.
Аракс
| |
---|---|
түрк. Aras, арм. Արաքս (Arakʿs), азе. Araz, ир. ارس, Эрес | |
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 1 072 км |
Бассейн | Каспий деңизи |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
- ↑ Инструкция по русской передаче географических названий Ирана. — М.: Наука, 1979. — С. 45.